in Arbeit│в процессе Umfangreiches Lehrbuch ― Deutsch für Kirgisischsprechende│Окуу куралы ― Немис тилинин толук грамматикасы
in Arbeit│в процессе Monografía/Gramática Integral de la Lengua Kirguisa, Amazon Book Publishing│Комплексный учебник ― Полная грамматика кыргызского языка (на испанском), Amazon
bevorstehend│предстоящий Zeitschriftenartikel ― Parlamentswahlen in Kirgistan – Hintergründe, Fragen und Perspektiven. Religion & Gesellschaft in Ost und West│Статья ― Парламентские выборы в Кыргызстане – предпосылки, вопросы и перспективы. Религия и общество на Востоке и Западе
bevorstehend│предстоящий Buchkapitel ― Rechtsstrukturen und Konfliktregulierungsmechanismen innerhalb der tschetschenischen Gemeinschaft in Berlin/Brandenburg. Halle (Saale): Max-Planck-Institut für ethnologische Forschung. In: Konfliktregulierung in Deutschlands pluraler Gesellschaft: „Paralleljustiz?“ Baden-Baden: Nomos Verlagsgesellschaft│Глава книги ― Правовые структуры и механизмы урегулирования конфликтов внутри чеченской общины в Берлине/Бранденбурге. В: Регулирование конфликтов в плюралистическом обществе Германии: «Параллельное правосудие?» Баден-Баден: Nomos
2025 Monography ― Comprehensive Grammar of the Kyrgyz Language, Amazon Book Publishing│Комплексный учебник ― Полная грамматика кыргызского языка, Amazon
2024 Buchkapitel ― Man spricht Russisch ― Die Macht der Kolonialsprache. In: Gesine Dornblüth und Thomas Franke: Jenseits von Putin: Russlands toxische Gesellschaft. Freiburg: Verlag Herder│Глава книги ― Власть колониального языка. В: Гезине Дорнблют и Томас Франке (ред.): За пределами Путина: Токсичное общество России. Фрайбург: Herder
2024 Zeitschriftenartikel ― Kurultai in Kirgistan – ein traditioneller Machtzweig. Hintergründe, Fragen und Perspektiven. Zentralasien-Analysen 160: 2–6.│Статья ― Курултай в Кыргызстане – традиционная ветвь власти. История, проблемы и перспективы. Анализ Центральной Азии 160: 2–6.
2024 Zeitschriftenartikel ― Die Zivilgesellschaft in Zentralasien: Herausforderungen, Fragen und Perspektiven. Zentralasien-Analysen 160: 2–6.│Статья ― Гражданское общество в Центральной Азии. Анализ Центральной Азии 160: 2–6.
2023 Monographie ― Kirgisische Grammatik, Wiesbaden: Dr. Ludwig Reichert Verlag│Комплексный учебник ― Полная грамматика кыргызского языка, Висбаден: Издательство доктора Людвига Райхерта
2023 Buchkapitel ― Unabhängigkeit, Hoffnung und Enttäuschung. In: Stephan Flechtner und Dagmar Gabriel: Kirgistan. Zu den Gipfeln von Tien Shan und Pamir…│Независимость, надежда и разочарование. В: Стефан Флехтнер и Дагмар Габриэль: Кыргызстан. К вершинам Тянь-Шаня и Памира…
2023 Buchkapitel ― Au Pair as an Opportunity to Reach Europe / Au-Pair программасы Европага жетүү мүмкүнчүлүгү катары 61–65; The Linguistic History of Kyrgyz / Кыргыз тилинин тарыхы 77–78. In: Louise Amelie und Darja Nesterowa: Ethnographischer Bildband ― Missing Member. Kirgistan – A Country on the Move, Berlin: Hatje Cantz│Этнографиялык сүрөт-китеп ― Үйдө жок үй-бүлөнүн мүчөсү. Кыймылдагы Кыргызстан. Луиза Амели жана Дарья Нестерова менен биргеликте. Берлин: Hatje Cantz
2022 Buchkapitel ― Kirgisische Diaspora in Deutschland und ihre Organisationen. In: 30-jähriges Jubiläum der Aufnahme der deutsch-kirgisischen Beziehungen. Berlin: Vostok, 23–24│Глава книги ― Кыргызская диаспора в Германии и их организации. В: 30-летие немецко-кыргызских отношений. Берлин: Восток, 23–24
2022 Zeitschriftenartikel ― Die neue „re-traditionalisierte“ Verfassung der Kirgisischen Republik. Zentralasien-Analysen 147: 1–2.│Статья ― Новая «ре-традиционализированная» конституция Кыргызской Республики. Анализ Центральной Азии 147: 1–2.
2021 Zeitschriftenartikel ― Die Situation der Pamir-Kirgisen nach der Machtübernahme der Taliban in Afghanistan. ZOiS Spotlight 30/2021│Статья ― Ситуация памирских кыргызов после захвата Афганистана талибами. ZOiS Spotlight 30/2021.
2021 Zeitschriftenartikel ― Präsidentschaftswahl und Referendum in Kirgistan: Zwei Schritte zurück im kirgisischen „Demokratie-Experiment“? Zentralasien-Analysen 145: 2–5.│Статья ― Президентские выборы и референдум в Кыргызстане: два шага назад в кыргызском «демократическом эксперименте»? Анализ Центральной Азии 145: 2–5.
2020 Zeitschriftenartikel ― Kirgistan: „Revolution unter Vorbehalt“. International VI: 23–26.│Статья ― Кыргызстан: «Революция с оговорками». Международный журнал VI: 23–26.
2020 Buchkapitel ― Case Study als Methode in der Rechtsethnologie. In: Methoden der Sozialwissenschaften. Bischkek: Online University, 114–118│Глава книги ― Кейс-стади усулу юридикалык антропологияда. В: Илимий изилдөө усулдары. Бишкек: Онлайн университет, 114–118
2020 Buchkapitel ― mit Aksana Ismailbekova: Plagiarism als Problem in der Wissenschaft. In: Methoden der Sozialwissenschaften. Bischkek: Online University, 118–122│Глава книги ― с Аксаной Исмаилбековой: Коомдук илимдерде плагиат маселеси жана аны алдын алуу жолдору. В: Илимий изилдөө усулдары. Бишкек: Онлайн университет, 118–122
2019 Working Paper ― mit Hatem Elliesie, Marie-Claire Foblets und Mahmoud Jaraba: Konfliktregulierung in Deutschlands pluraler Gesellschaft: „Paralleljustiz“? Konzeptioneller Rahmen eines Forschungsprojekts. Halle (Saale): Max-Planck-Institut für ethnologische Forschung│Статья ― с Хатемом Эллизи, Мари-Клэр Фоблетс и Махмудом Джарабой: Урегулирование конфликтов в плюралистическом обществе Германии: «Параллельная юстиция»? Концептуальные рамки исследовательского проекта. Галле-на-Заале: Институт социальной антропологии Макса Планка
2018 Monographie ― Legal Pluralism in Central Asia: Local Jurisdiction and Customary Practices. Central Asian Studies. New York: Routledge│Монография ― Правовой плюрализм в Центральной Азии: Местная юрисдикция и обычное право. Центральноазиатские исследования. Нью-Йорк: Routledge
2018 Buchkapitel ― „Sprechen wir ein bisschen über die Kirgisen“ (9–11), „Manas und Manastschi“ (32–34). In: Kirgistan. Ein unentdecktes Land entdecken. Berlin: Vostok│Глава книги ― «Поговорим немного о кыргызах» (9–11), «Манас и Манасчы» (32–34). В: Кыргызстан. Откройте для себя неизведанную страну. Берлин: Восток
2015 Buchkapitel ― “There Is No State in This Country!”: Legal and Social Treatment of Marital Rape in Kyrgyzstan. In: Thomas Kruessmann (ed.). Gender in Modern Central Asia. Wien–Zürich: LIT, 105–124│Глава книги ― «В этой стране нет государства!»: Судебное и социальное отношение к изнасилованию в браке в Кыргызстане. В: Томас Крюссманн (ред.). Гендер в современной Центральной Азии. Вена–Цюрих: LIT, 105–124.
2012 Zeitschriftenartikel ― Recht und Gerechtigkeit in Zentralasien: Wie das Rechtsleben in Kirgistan gegenwärtig gestaltet wird. Zentralasien-Analysen 52: 2–5.│Статья ― Право и справедливость в Центральной Азии: Как формируется правовая жизнь в Кыргызстане. Анализ Центральной Азии 52: 2–5.
Мындан он жылдай мурун убакытта бир нече суроо-талапка жараша Германиянын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүүгө туура келди. Тилекке каршы окуу китеби жокко эсе болгондуктан, сабактын мазмунун өзүм түзүп, ар кандай материалдардын негизинде эрежелерди ойлоп табууга мажбур болдум. Айрым учурларда түрк тилинин немисче жазылган грамматикасын кыргызчага ылайыкташтырыш керек болду. Ушул убакытка чейин кыргыз тилин үйрөнүү боюнча окуу китебинин өтө аздыгы мени бир чети кыжаалат кылса, экинчи жагынан бул чөйрөдө аз да болсо өз салымымды кошууга түрткү берди. Ошентип сабак берүү вазийпам аяктаса да, анда-санда илимий изилдөөдөн алаксыш үчүн бул китепти ыктыярчылык негизде жаза бердим. Анын үстүнө «Жакшы бир жазылган китеп болсо, кыргыз тилин үйрөнөт элем» деген илимий чөйрөдөгү адамдар, антропологдор, политологдор жана Берлиндеги Хумбольдт университетинин Орто Азия институтунда окугандар мага дем беришти. Германиядагы кыргыз диаспорасынын өсүшү, тагыраак айтканда үй-бүлөөлөрдүн жана балдардын көбөйүшү менен бул суроо-талап учурда күч алууда. Натыйжада арада-сырада хобби катары жазып коюп жүргөн бул эмгек кийинчерээк мен үчүн чоң миссияга жана эне тилимдин алдындагы милдетке айланды. Андан тышкары бир убактарда «Эмнеге кыргыз тил жарды?» же «Эмнеге өз тилибиз илим таанууга жетпейт?» деп нааразы болуп жүргөн жаным өз эне тилимдин баркын, баасын жана маанисин терең түшүнө баштадым, аны терең изилдөөгө кызыгуум артты.
Албетте көптөгөн жылдар бою бул эмгектин үстүндө иштөө, немис тилинде эрежелерди жана түшүндүрмөлөрдү жаратуу мен үчүн бир топ кыйын-чылыктарга турду, бирок ошол эле учурда жашоонун ар кандай кырдаалында мага эмоционалдык тынчтык, канааттануу жана чоң бакыт тартуулады. Анткени бул окуу куралы аркылуу мен кыргыз тилин үйрөнгүсү келген көптөгөн адамдарга кыргыз тилин лингвистикалык жана логикалык жактан гана түшүндүрүп тим болбостон, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, адабиятын жана салт-санаасын үйрөнүүгө жардам бере алдым деп ойлоймун.
Тил – ар бил элдин маданий казынасы, руханий дүйнөсү жана түгөнбөс байлыгы. Кыргыз тили – кыргыз калкынын жана улуттун наамы менен аталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жана символу; кыргыз элининин маданиятынын формасы, улуттук сыймыгы, аң-сезими менен кошо жашаган түбөлүктүү кенчи жана идеологиясы. Дүйнөдө теңдеши жок көркөм дөөлөт – улуу «Манас» эпосу жана башка өзгөчө керемет элдик оозеки көркөм чыгармалар жаралган кыргыз тилин кылымдардан кылымдарга жашатыш, аны жандандырыш тил ээси катары ар бирибиздин милдетибиз. Демек, азыркы кыргыз тилинин өзөгүн чагылдырып жана кармап турган окуу программаларын түзүшүбүз жана окуу китептерин жазышыбыз керек. Сиздерге сунуш кылынган бул эмгектин багыты менен милдети дал ушуну менен түшүндүрүлүп, ушуну менен аныкталат. Анткени бул эмгекти жазууда өтө олуттуу деп эсептелген, талаш-тартыш туудурбаган, негизинен нормага салынган, практикалык мааниси бар категорияларга көбүрөөк көңүл буруп, компактуу кыска жана так түшүндүрмө берип, аларды мисалдар менен шөкөттөөгө аракет жасадым. Андан тышкары азыркы кыргыз тили боюнча акыркы жылдарда жазылган илимий изилдөө-лөрдүн, окуу куралдардын ынанымдуу тыянактарын эске алдым, кыргыз тилинин сөз жасоо жана сөз өзгөртүү системаларын камтыдым, айрым жерлерде тилдин түзүлүшүн тереңирээк талдадым. Андан тышкары типологиялык жана генетикалык жактан ар башка топторго кирген кыргыз жана немис тилдердин грамматикалык түзүлүшүндөгү жалпылыктарды жана айырмачылыктарды иликтеп, айрым жерлерин салыштырып көрдүм. Натыйжада нормативдик, илимий жана салыштырма грамматиканын кошулмасын жараттым десем да болот. Муну менен бирге мен эне тилимдин өнүгүшүнө жана анын таралышына чоң салып коштум деп ишенемин. Ошондуктан бул көлөмдүү эмгек менин өмүрүмдүн маанилүү бир бөлүгү, эне тилиме карата болгон урматым жана бул жашоодогу мурасым десем жаңылышпайм.
Германияда «Коомдук же ыйгарым укуктуу котормочу» атайын (geschützt – корголгон) титул катары ыйгарылат жана аны алуу үчүн атайын жогорку окуу жайда «Котормочулук» факультетин бүтүрүү, котормо жүргүзө турган тилдерди жогорку деңгээлде билүү жана канча бир жылдык тажрыйба топтоо зарыл. Айрым учурда атайын экзамен-тестирлөөдөн да өтүүсү керек болот. Андан тышкары жазма жана оозеки котормочулардын мисалы, медицина, техника, айти же юриспруденция ж.б.у.с. өзүнүн иштеген сферасы болушу ыктымал. «Ыйгарым укуктуу котормочу» Германиянын котормочулар маалымат базасына катталат жана ал которгон иш-кагаздар жана документтер федералдык бардык окуу жайларда, мамлекеттик органдарда жана мекемелерде нотариалдык тастыктоосу (же апостили) жок кабыл алынат, анткени котормочу документти (анын көчүрмөсүн) күбөлөндүргөн жагынан нотариус менен тең укуктуу болуп эсептелет. Же башкача айтканда «Коомдук котормочу» жергиликтүү сот системасынын карамагындагы кызматкер катары каралат.
Котормо акысы
Германиядагы «Коомдук котормочунун» акысы (соттук) эксперттер, жазма жана оозеки котормочулар, соттук бийликтин функциясын аткарган бейадис соттор, күбөлөр жана башка үчүнчү жактардын эмгегин баалоо үчүн «Юстициянын акы төлөө мыйзамы» (нем. Justizvergütungs- und Entschädigungsgesetz (JVEG)) менен төлөнөт. Ага жараша негизги гонорар катары которула турган тексттин ар бир (болжол менен 55 белги жана боштуктан турган) сабы 1,80 еврону түзөт. Бул баштапкы баа которула турган тексттин оорчулугуна, берилген убактысына же Германиядагы сейрек кездешчү тилге (ага мисалы кыргыз тили кирет) карата 3,00 еврого чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
«Коомдук котормочулардын» көпчүлүгү айрым «Туулгандыгы тууралуу күбөлүк» же «Жалпы орто билим тууралуу аттестат» сыяктуу стандарт же көп суралган документтер үчүн белгилүү бир төлөмдү аныктап, аларды тизмелеп коюшат. Бул буюртма бере турган адамдар үчүн дагы жакшы ориентация болуп берет. Дагы кошумчалай кетчү нерсе: Жогоруда аталган котормочулардын мыйзамына жана жеке ишкерлик эмгек кодекстерине ылайык котормонун акысына 19 пайызды түзгөн жергиликтүү кошумча нарк салыгы (КНС) (нем. Umsatzsteuer) жана почтого берилген төлөмдөр (нем. Portogebühren) дагы кошулат. Которула турган документ адатта котормочу менен болгон кыска макулдашуудан кийин электрондук почта аркылуу котормочуга жиберилет жана акысы төлөнөт. Ал эми которулган документ анын көчүрмөсүнүн тиркемеси менен документтин ээсине почта аркылуу жиберилет.
Котормосу керек болгон документтер
Өзүмдүн жеке баамымда жана буга чейинки суроо-талаптардын негизинде учурда эң көп которулуп жаткан документтерге «Туулгандыгы тууралуу күбөлүк», «Жалпы орто билим тууралуу аттестат», «Дипломдор» жана «Маалымдамалар» кирет деп айта аламын. Бул Германияга каттаган миграциялык агымдын негизги максаттары менен байланыштуу. Аларга ар кандай ыктыярчылык программалар, жогорку окуу жайларга тапшыруу, орто кесиптик билим алуу (нем. Ausbildung), дарыгерлик кесипти аркалоо үчүн уруксат кагазына (лицензия же апробация) ээ болуу жана ошондой эле жогорку квалификациянын негизинде жумуш орун табуу кирет. Мисалы жогорку окуу жайга тапшыруу uni-assist.de системасы аркылуу ишке ашат жана ал жерге «Жалпы орто билим тууралуу аттестат» менен мекендеги жогорку окуу жайдан алган дипломдордун «күбөлөндүрүлгөн котормосу» (нем. beglaubigte Übersetzung) талап кылынат. Ушул эле кагаздар орто кесиптик билим алуу үчүн орун издөөдө, айрым окуу жайларга түз тапшырууда, жогорку билимди «Чет өлкөлүк билим боюнча борбордук мекемеде» (нем. Zentralstelle für ausländisches Bildungswesen (ZAB)) таанытууда же теңдөөдө керек болот. Акыркы аталган мекеме менин маалыматыма караганда «Ыйгарым укуктуу котормочунун» күбөлөндүргөнүнө кошумча дагы дипломдун жергиликтүү нотариус аркылуу күбөлөндүргөн көчүрмөсүн (нем. notariell beglaubigte Kopie) жана ЖОЖдон «күндүзгү (ор. очный) тартипте окуган» деген маалыматты талап кылууда.
Котормочулар тууралуу
Кыргыз Республикасында кыргыз жана орус тили расмий статуска ээ болгондугуна байланыштуу расмий документтердин жана кагаздардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү эки тилде түзүлөт. Ошого байланыштуу Германияга келген кыргызстандык жарандар орус жана немис тилдери менен иш алып барган «Коомдук котормочуларга» кайрыла алышат. Алардын бардыгы байланыш даректери менен «Котормочулар маалымат базасында» (нем. Dolmetscher- und Übersetzerdatenbank) орун алган (учурда 25596 котормочуну камтыйт). Издөө терезеси аркылуу кардарларда каалаган тили боюнча, котормочулуктун каалаган түрүндө, алыс-жакын жерден бир катар керектүү котормочуларды таап алууга мүмкүнчүлүк бар. Бул жерде өзүбүздүн орус-немис тилинде котормочулук кылган Айгерим Боронова (Ылдыйкы Саксония облустук соту), Индира Өмүрбекова (Майндагы Франкфурт жергиликтүү соту) жана Алмаз Тойматов (Берлин шаардык соту) деген жердештерибизди да тапсак болот. Ал эми кыргыз-немис (жана орус) тилдеринде болсо учурда мени менен катар дагы эки котормочу бар экенин көрсө болот. Жогоруда аталган жердештерибиздин бири – Индира Өмүрбекова – учурда Кыргызстанда жашап эмгектенгендиктен Германияга сапар ала турган жердештер келе жаткан максатына ылайык тиешелүү документтерин мекенден эле котортуп ала келсе болот. Жогоруда айтып кеткендей, жергиликтүү органдар Германиядага «Коомдук котормочу» титулуна ээ болгон котормочулардын гана котормолорун кабыл алгандыктан, Кыргызстанда, айрыкча Бишкек калаасындагы котормо кеңсесинде жасаткан котормолор бул жерде айрым учурда жараксыз болуп калат.
Германияда отурукташып калган кыргызстандыктардын көбү бери эле дегенде бир жылда бир мекенге каттайт. Арасында жалгыз жолго чыккандар, жубайлар жана бала-чакалуу үй-бүлөлөр бар. Ишке, илимий изилдөөгө же бизнеске байланыштуу дагы сапарга чыккандар аз эмес. Кыргызстандан болсо ар кандай программалар менен агылып келген студенттер менен илимпоздордун саны дагы, алардын ар кандай иш-аракеттери дагы айдан-айга, жылдан-жылга өсүүдө. Германия ушул тапта Кыргызстандык адистердин эмгек миграциясы максатында бет алган өлкөлөрдүн ичинде алтынчы, ал эми Европа биримдигинин ичинде биринчи орунду ээлейт. Чет жердеги бала-бакырага коноктоп келгендер да аз эмес. Албетте каттам жай айларында күч алат, кышында болсо жаңы жылдын айланасындагы убакытты эске албаганда бир аз басаңдап калат.
Көкөйгө тийген транзиттик каттам
Тилекке каршы учурда Германиядан Кыргызстанга түз каттам жок. Ошондуктан бардык барыш-келиш транзиттик жол менен ишке ашат. Эң көп колдонулган учактар «Түрк аба жолдору» менен «Пегасус», айрым учурда болсо «Аэрофлот» авиакомпанияларыныкы. Учкандар бир учакка түшүп, 3-4 сааттан кийин кайра чыгып, бери эле дегенде 3-4 саат күтүп, анан башка учакка отуруп, аны менен дагы 5-6 саат абада болуп, айтор орто эсеп менен 15-18 сааттык сапар карытышат. Мындай узак жана түйшүктүү жол жүрүш балалуулардын жана улуу жашка барып калган адамдардын гана эмес бардык жүргүнчүлөрдүн көкөйүнө көк таштай тийип келет. Айрым учурда ортодо башка өлкөдө учак алмаштырып отурбай, тез арада ата-журтка жетип барыш керек болгон «жамандык-жакшылык» учурлар да болбой койбойт. Айтор, жол азабы – көр азабы дегендей, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы түз аба каттамынын жоктугу акыркы жылдары орчундуу маселеге айланып бара жатат.
Түз каттамдын мааниси
Германиянын Франкфурт, Берлин, Көлн же Мүнхен сыяктуу ири шаарларынын биринен Бишкекке карай түз аба каттамы ачылса, анда учуу убактысы эки эсе кыскарат. Бул биринчиден Германияда жашаган Кыргызстандыктар, алардын тууган-туушкандары, элчилик менен консулдуктун кызматкерлери, жана ошондой эле кыска жана узак мөөнөткө келип-кеткен студенттер үчүн чоң жеңилдик болот. Андан тышкары түз каттам потенциалдуу жүргүнчүлөрдүн санын арттырышы толугу менен ыктымал. Аларга башка өлкөгө саякаттагысы келген эки өлкөнүн тургундары, илимий, саясий жана бизнес жолугушуулардын жана жарманке-көргөзмөлөрдүн катышуучулары, ошону менен бирге эски мекени менен байланышта калган Кыргызстандык немис тектүүлөр кирет. Журналисттер, илимпоздор, көркөм же документалдуу тасма жаратуучулар жана исскусство адамдары дагы түз каттамдын активдүү колдонуучулары болмокчу. Албетте бул эки тараптуу туризмдүн өнүгүүсүнө, инвестициялык мүмкүнчүлүктүн өсүшүнө, маданий жана илимий алмашууларга түздөн түз салым кошот. Дагы кошумчалай кетчү нерсе – потенциалдуу жүргүнчүлөр эки өлкөнүн гана жарандары менен чектелбестен коңшу өлкөлөрдүн жана ошол региондун дагы жарандарын камтышы мүмкүн.
Мурунку макалада белгилеп кеткендей, Германиядан ар түрлүү уюмдар жана жеке демилге аркылуу Кыргызстанга көптөгөн материалдык жардамдар байма-бай жиберилип турат. Алардын көпчүлүк бөлүгү буга чейин «BPD-Express», «Wenz-Transport» же «Janzen» сыяктуу жүк ташуу кызматтары аркылуу ишке ашып келет. Айрым материалдык жардамдар (мисалы ооруканалардын оор жабдыктары жана башка техникалык шаймандар) транспорт маселесине такалып, ишке ашпай да калганына күбө болуп жүрөбүз. Буга эл-аралык көргөзмөлөргө катышууну максат кылып, бирок чоң көлөмдөгү жүктү транзиттик учак менен алып келе албай калган кол-өнөрчүлөр дагы мисал боло алат. Түз каттам аркылуу мындай маселелер жарым-жартылай чечилип, андан сырткары жөнөкөй почта кызматы дагы ийгиликтүү ишке ашчудай. Немис жергесин байырлаган кыргызстандыктар албетте мекенден келген оокаттарга жана товарларга кызыкдар. Аларга эт-сүт азыктарынан тартып, дары-дармек, кургатылган мөмө-жемиш, ар кандай көлөмдөгү сувенирлер, а тургай жууркан-төшөк, кийиз-килем менен боз үйдүн жабдыктары кирет. Бул кайсыл бир тамак-аштар менен материалдык товарлардын эки өлкөнүн арасында экспорт-импорт болуусуна чоң өбөлгө түзөт.
Түз каттам үчүн кадамдар
Кыргызстандан башка өлкөлөргө ачылган түз учак каттамдар адатта ошол өлкөлөр менен болгон алыш-бериш менен барыш-келиштин жана ар кандай келишимдердин негизинде келип чыгат. Буга эмгек миграциясы менен туризмдин жана экономикалык алакалардын салымы чоң. Ошого жараша эң көп түз каттамдар Орусиянын, Түркиенин жана Казакстандын чоң шаарларына бар. Акыркы жылдарда Индияга, Дубайга жана Кувейтке түз каттамдар ачылды. «Кара тизменин» айынан Европанын өлкөлөрүнө Кыргызстандан түз каттам жокко эсе. Өткөн жылдан бери венгер «Wizz Air» авиакомпаниясы аркылуу ишке аша турган Будапешт-Бишкек түз аба каттамынын ачылышы талкууланууда. Аталган авиакомпания аркылуу Абу-Дабиге дагы түз учуу күтүлүүдө. Жогоруда белгилеп кеткендей, Германия менен Кыргызстандын ортосунда тыгыз жана туруктуу байланыш бар. Анын негизинде түз аба каттамды түзүү зарылчылыгы келип чыгууда. Бул маселени Германия Федерациясындагы Кыргыз элчилиги жергиликтүү кыргыз диаспорасы менен биргеликте бир канча жылдан бери талкууга алып келет. Тиешелүү мекемелер тарабынан кыргыз авиакомпанияларын Евробиримдигинин «кара тизмесинен» чыгаруу аракеттери дагы болгон. Германиядагы кыргыз элчилигинин жаңы өкүлү менен бул маселе учурда кайрадан көтөрүлүп, ар кандай кадамдар каралууда. Кыргызстандын транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министрлиги тарабынан юридикалык жана каржылык шарттардын түзүлүшү абзел. Германиядагы кыргыз диаспорасы бул маселенин натыйжалуу чечилишине өз салымын кошууга даяр.
Ааламдашуу заманында кыргыстандыктар үчүн бүткүл дүйнө ачык болгон менен, реалдуу эмгек миграциясынын багыты биринчи орунда Орусияга, Түркийеге, коңшу Казакстанга жана Чыгыш Азия менен Араб өлкөлөрүнө түшөт. Көп адамдардын максаты Европа мамлекеттери менен Америка Кошмо Штаттары болгон менен, ал жактарга эмгек миграция менен түз кетүү мүмкүнчүлүгү аз же жеке жумушка орноштуруу агенттиктери аркылуу ишке ашышы мүмкүн. Өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен мамлекеттик деңгээлдеги меморандум буга чейин Түштүк Кореяга бар болсо, жакында ага Улуу Британиянын айыл чарбасындагы мезгилдүү жумуштар боюнча келишими кошулду.
Германия
Өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен Германия Федерациясы көп адамдарды кызыктырат. Тилекке каршы эки өлкөнүн ортосунда мамлекеттик эмгек миграция келишими жок. Бул өлкөгө келүү көбүнчө студентик программалар, сезондук жумуш жана саякат келишимдер жана ошондой эле жогорку квалификациянын негизинде жумуш орун табуу аркылуу гана ишке аша алат. Даярдыксыз (тил билбей) же суроо-талап бар кесиптин ээси болбой туруп, Орусияга же Туркийеге кеткендей эле бул өлкөгө жөнөп кетүү мүмкүн эмес. Ошого карабастан, жүздөгөн адамдар жумушка орноштуруу кызматын сунуштаган компаниялар жана агенстволор аркылуу коңшу өлкөлөргө ишке келишкенине же алар менен болгон келишимдин алкагында немис жергесинде да убактылуу иштеп жүргөндөрүнө күбө болуп жүрөбүз (мисалы, оор жүк ташуучу унаа айдоочулары). Элдин көңүлүн буруу максатында жарнамада Германияны багыт катары көрсөткөн ортомчулар да аз эмес. Анда сөз биринчи Германияга эмгек миграциясы менен келүүнүн мыйзамдуу жолдору жөнүндө болсун.
Эң башкысы – квалификация
Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин маалыматы боюнча учурда 1,2 миллион жумушчу күчү жетишпей жаткандыгы айтылат. Өлкө жумушчу күчкө болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн жыл сайын болжол менен 400,000 квалификациялуу мигранттарды талап кылууда. Бул суроо-талаптын башкы себептери Германиянын күчтүү экономикасы, чоң өндүрүштүк (индустрия), экспорт, автоматташтыруу жана санариптештирүү аракеттери, социалдык камсыздоонун жогорулашы жана демографиялык тең салмаксыздык менен байланыштуу. Жумушчу күчтүн жетишпегендиги жылдан-жылга эмгек мыйзамдарынын өзгөрүшүнө (мисалы немис жана Европа жарандарынан арткан орундар, немис тилин билүү ж.б.у.с.) жана бюрократиялык бөгөттөрдүн ылдыйлашына түрткү берүүдө. Бирок жогорку билимдин же орто кесиптик билимдин ээси болуу башкы талап катары кала бермекчи. Германияда жумушка орношуу үчүн ар бир адам биринчи кезекте Германияда жумуш табышы жана жумуш берген жер менен келишим (Arbeitsvertrag) алышы керек. Жумуш табуу түздөн-түз компанияда, глобалдык рекрутиң компаниялары же белгилүү бир тармактар боюнча адистешкен жумушка орноштуруу агенттик аркылуу ишке ашат.
Суралган кадрлар
Германиядагы дефицит кадрлардын сап башында IT-специалисттери турат. Жергиликтүү санарип экономикалык ишкерлер коому Bitcomдун маалыматына таянсак, акыркы жылдарда JavaScript, HTML, R жана SAS, Java, Python, C++ программалоо тилдерин билген IT-архитекторлорго, системдик башкаруучулар менен администраторлорго, маалымат технологиясынын коопсуздугун камсыздоочуларга жана ири көлөмдөгү базалык даталарды изилдөөчүлөргө (Data Scientist) суроо-талап жогору.
Бир ай мурун күчүнө кирген жаңы эмгек кодекси боюнча 3 жылдык иш тажрыйбасы бар, англис тилин билген жана иш келишиминде 4140 евролук маяна көрсөтүлгөн айтишниктерге Германиянын эшиги ачык. Алар көк карта (ЕU Blue Card) деген электрондук күбөлүк менен Германияга жана башка Европа өлкөлөрүнө жөнөкөйлөтүлгөн шарттардын негизинде кире алышат. Инженерлер, экономисттер, архитекторлор, эсеп менеджерлер, компанияны башкаруу боюнча адистер айтишниктер менен эле катар жогорку артыкчылыктарга ээ. Квалификациялуу жумушчулардын жетишсиздиги илим, технология, инженерия жана математика (STEM), ошондой эле саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо, билим берүү жана тарбиялоо сыяктуу көндүм кесиптеринде бар. Буларга электрик, мехатроник, монтер, тейлөөчү, логист сыяктуу орто билимдин ээлери да киришет.
Германияга келип, жумуш издөө
Германияда таанылган жогорку жана орто кесиптик билимге ээ болгон адамдар жумуш издөө үчүн алты айлык виза алып, Германияга жол тартса болот. Ал үчүн немис тилин жок дегенде B1 деңгээлинде билүү, Германияда убактылуу турак жай жана медициналык камсыздандыруу (Krankenversicherung) менен өзүнө жетиштүү акча каражаты болушу зарыл. Бул талаптар квалификациясын жогорулатууну каалаган адистерге тиешелүү. Чет жердеги жогорку билимди Германиядагы билим менен салыштыра келгенде теоретикалык сабактар же практикалык тажрыйбалар жетишсиз, же болбосо бири-бири менен айкалышпаган пунктар келип чыгышы мүмкүн. Аларды 18-24 айлык квалификацияны жогорулатуу курстары аркылуу теңдесе болот. Акыркы эмгек кодекстердин алкагында 25 жашка чейинки жаштар үчүн бир нече жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду десе болот. Немис тилин B2 деңгээлинде билген жана орто кесиптик же 2 жылдык жогорку окуу жайдан билими барлар өздөрүнө ылайыктуу кесиптеги окутуу программасына тандоо жана катышуу үчүн жогоруда аталган эрежелердин негизинде Германияга жарым жылга виза ала алышат.
Эпилог
Өзүңөр байкагандай курулуш, тейлөө, айыл-чарба жана кам көрүү сыяктуу тармактарда жөнөкөй (кара) жумуш үчүн Германияга келүү негизинен мүмкүн эмес. Ага суроо-талап дагы аз, болсо дагы ал орундарды жергиликтүү адамдар же башка коңшу өлкөлөрдүн жарандары ээлейт. Анын үстүнө учурда ар кандай билим деңгээли менен миңдеген Украиналыктар Германияга келип, дароо ишке кирүүгө уруксат алып жатышат. Бул кырдаал жумуш ландшафтты бир топ өзгөрүүгө учуратышы мүмкүн. Улуу Британияга ачылган мүмкүнчүлүктөн кийин Кыргызстан менен Германиянын ортосунда тийиштүү мекемелер тарабынан мамлекеттик макулдашуулардын келип чыгышы күтүлүүдө.
Бирок ачык айтканда Германия жакынкы жылдарда Орусияга алтернативa боло албайт. Ошого карабастан барган сайын жетишсиздиги жогорулап жаткан квалификациялык жумуш орундары жана жумшарып келе жаткан жергиликтүү эмгек мыйзамдары Орусиядан кайткан жана мекендеги кыргызстандык жаштарга маалымат технологиясы менен чет тилдерди үйрөнүүгө түрткү бере алат. Аталган тармактардагы адистер үчүн Кыргызстанда эле туруп, немис компанияларында да иштөө мүмкүнчүлүгү бар экенин да эске алып койсок болот. Ошондуктан Германияга миграцияда эң башкысы – билим жана квалификация.
– Германиядагы кыргыз диаспорасы жана уюмдар (Караан)
– Кыргызская диаспора и кыргызские общества в Германии (Караан)
– Түрк Элдери Диаспораларынын II Форуму (Караан)
– «Чөйрө 2022» форумуна ревью (Караан)
– Германиядагы «Au-pair» программасынын өйдө-төмөнү (Караан)
– Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung) (Караан)
– Германиядагы ыктыярчылык программалар (Караан)
– «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу (Караан)
– Караанына зар кылган «кадр саясаты» (Караан)
– Канча тил билсем, ошончо кишимин (Караан)
– О злободневном: «кадровaя политика» Кыргызстана (Караан)
– Назира Эрдоган менен маек: «Биринчи байлык – ден-соолук». Түркийедеги медициналык туризм (Караан)
– Разговор с Назирой Эрдоган: «Здоровье – самое ценное в жизни человека». Медицинский туризм в Турции (Караан)
– «Акыркы сабак» көркөм тасмасына рецензия (Караан)
– «Ангела Меркелдин доору» (Караан)
– Бишкектеги ыш (смог) жана андан арылуу жолдору (Контентчи)
– Таштанды менен качан күрөшүп баштайбыз? (Контентчи)
– Азамат Токтакунов менен маек: Европада илимий чөйрөдө карьера жасоо, көп тилдүүлүк, котормочулук жана кайрымдуулук иштери (Кажы-кужу)
– Чөйрөдөгү маек: Канча тил билсем, ошончо кишимин (YouTube)
– Улуу ыш (Контентчи)
– Улуу Британиядагы «Улуу ыш» (Контентчи)
– Уу коргошун тууралуу (Контентчи)
– Документалдуу тасма: 12 000 адамдын өмүрүн алган туман (Контентчи)
– Бишкек абасы булганган шаарлардын катарында (Контентчи)
– Ein mitreißendes Epos über eine patriotische Anführerin aus dem 19. Jahrhundert. Eine Rezension zum Spielfilm „Kurmanjan Datka“ (DKK)
– Eine Rezension zum Dokumentationsfilm „Flowers of Freedom“ (DKK)