«Кыргыз тилинин грамматикасы»
Кечээ жакында менин көлөмдүү «Кыргыз тилинин грамматикасы» деген китебим немис тилинде жарыкка чыкты: https://reichert-verlag.de/schlagworte/kirgisisch_schlagwort/9783752006827_kirgisische_grammatik-detail. Бул эмгекти мен он жылдан ашуун убакытта ыктыярчылык негизде жана өз каражатым менен жазып келдим. Ал эми үн жаздыруу болсо немис-кыргыз маданий коомунун финансылык жардамы менен ишке ашты.. […]
Мындан он жылдай мурун убакытта бир нече суроо-талапка жараша Германиянын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүүгө туура келди. Тилекке каршы окуу китеби жокко эсе болгондуктан, сабактын мазмунун өзүм түзүп, ар кандай материалдардын негизинде эрежелерди ойлоп табууга мажбур болдум. Айрым учурларда түрк тилинин немисче жазылган грамматикасын кыргызчага ылайыкташтырыш керек болду. Ушул убакытка чейин кыргыз тилин үйрөнүү боюнча окуу китебинин өтө аздыгы мени бир чети кыжаалат кылса, экинчи жагынан бул чөйрөдө аз да болсо өз салымымды кошууга түрткү берди. Ошентип сабак берүү вазийпам аяктаса да, анда-санда илимий изилдөөдөн алаксыш үчүн бул китепти ыктыярчылык негизде жаза бердим. Анын үстүнө «Жакшы бир жазылган китеп болсо, кыргыз тилин үйрөнөт элем» деген илимий чөйрөдөгү адамдар, антропологдор, политологдор жана Берлиндеги Хумбольдт университетинин Орто Азия институтунда окугандар мага дем беришти. Германиядагы кыргыз диаспорасынын өсүшү, тагыраак айтканда үй-бүлөөлөрдүн жана балдардын көбөйүшү менен бул суроо-талап учурда күч алууда. Натыйжада арада-сырада хобби катары жазып коюп жүргөн бул эмгек кийинчерээк мен үчүн чоң миссияга жана эне тилимдин алдындагы милдетке айланды. Андан тышкары бир убактарда «Эмнеге кыргыз тил жарды?» же «Эмнеге өз тилибиз илим таанууга жетпейт?» деп нааразы болуп жүргөн жаным өз эне тилимдин баркын, баасын жана маанисин терең түшүнө баштадым, аны терең изилдөөгө кызыгуум артты.
Албетте көптөгөн жылдар бою бул эмгектин үстүндө иштөө, немис тилинде эрежелерди жана түшүндүрмөлөрдү жаратуу мен үчүн бир топ кыйын-чылыктарга турду, бирок ошол эле учурда жашоонун ар кандай кырдаалында мага эмоционалдык тынчтык, канааттануу жана чоң бакыт тартуулады. Анткени бул окуу куралы аркылуу мен кыргыз тилин үйрөнгүсү келген көптөгөн адамдарга кыргыз тилин лингвистикалык жана логикалык жактан гана түшүндүрүп тим болбостон, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, адабиятын жана салт-санаасын үйрөнүүгө жардам бере алдым деп ойлоймун.
Тил – ар бил элдин маданий казынасы, руханий дүйнөсү жана түгөнбөс байлыгы. Кыргыз тили – кыргыз калкынын жана улуттун наамы менен аталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жана символу; кыргыз элининин маданиятынын формасы, улуттук сыймыгы, аң-сезими менен кошо жашаган түбөлүктүү кенчи жана идеологиясы. Дүйнөдө теңдеши жок көркөм дөөлөт – улуу «Манас» эпосу жана башка өзгөчө керемет элдик оозеки көркөм чыгармалар жаралган кыргыз тилин кылымдардан кылымдарга жашатыш, аны жандандырыш тил ээси катары ар бирибиздин милдетибиз. Демек, азыркы кыргыз тилинин өзөгүн чагылдырып жана кармап турган окуу программаларын түзүшүбүз жана окуу китептерин жазышыбыз керек. Сиздерге сунуш кылынган бул эмгектин багыты менен милдети дал ушуну менен түшүндүрүлүп, ушуну менен аныкталат. Анткени бул эмгекти жазууда өтө олуттуу деп эсептелген, талаш-тартыш туудурбаган, негизинен нормага салынган, практикалык мааниси бар категорияларга көбүрөөк көңүл буруп, компактуу кыска жана так түшүндүрмө берип, аларды мисалдар менен шөкөттөөгө аракет жасадым. Андан тышкары азыркы кыргыз тили боюнча акыркы жылдарда жазылган илимий изилдөө-лөрдүн, окуу куралдардын ынанымдуу тыянактарын эске алдым, кыргыз тилинин сөз жасоо жана сөз өзгөртүү системаларын камтыдым, айрым жерлерде тилдин түзүлүшүн тереңирээк талдадым. Андан тышкары типологиялык жана генетикалык жактан ар башка топторго кирген кыргыз жана немис тилдердин грамматикалык түзүлүшүндөгү жалпылыктарды жана айырмачылыктарды иликтеп, айрым жерлерин салыштырып көрдүм. Натыйжада нормативдик, илимий жана салыштырма грамматиканын кошулмасын жараттым десем да болот. Муну менен бирге мен эне тилимдин өнүгүшүнө жана анын таралышына чоң салып коштум деп ишенемин. Ошондуктан бул көлөмдүү эмгек менин өмүрүмдүн маанилүү бир бөлүгү, эне тилиме карата болгон урматым жана бул жашоодогу мурасым десем жаңылышпайм.